Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

АКШнын коргоо министри кызматтан кетүүнү чечти


АКШнын коргоо министри Жим Мэттис.
АКШнын коргоо министри Жим Мэттис.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис кызматтан кетмей болду. Ал өз чечимин түшүндүргөн катты 20-декабрда президент Дональд Трампка жиберди. Анда Мэттис кызматтан кетүү тууралуу өз чечимине президент менен көз караштары туура келбей калганын жүйө келтирген.

Ал ошондой эле АКШнын өз өнөктөштөрү менен жигердүү иш алып барышын, ошондой эле Орусия жана Кытай сыяктуу мамлекеттерге каршы турууну жактай турганын белгилеген.

"Сиз бул жана башка маселелер боюнча өзүңүздүн көз карашыңызга туурараак келген министр менен иштешүүгө толук укугуңуз бар экенин эске алуу менен кызматтан кеткеним туура болот деп эсептейм",-деп билдирген Мэттис.

Президент Трамп министрдин кызматтан баш тартканын "Твиттер" аркылуу ырастап, Пентагондун 2 жыл ичиндеги жетишкендиктери үчүн ага ыраазычылыгын билдирди. Мэттис кийинки жылдын 28-февралында кызматын тапшырып бере турган болду.

Бир күн мурда президент Дональд Трамп америкалык аскерлер Сириядан чыгарыларын билдирген. Бул чечимге америкалык бир катар саясатчылар менен кошо АКШнын айрым эл аралык өнөктөштөрү да каршылыгын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG