Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:52

Өкмөт "Унаа" деген ишкана түздү


Бишкек.

Кыргыз өкмөтү "Унаа" деген мекеме ачты. Ал өлкөдөгү автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу болот.

21-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы ишкана боюнча кеңешме өткөрүп, машинелерди жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге, коррупцияга байланыштуу коомчулуктан нааразы пикирлер көп болуп жатканын айтты. «Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана бюрократия жарандар үчүн ыңгайсыздык жаратууда" деди өкмөт башчысы.

Жаңы мекемеге кызматкерлер ачык сынактын негизинде тандалып алынары маалым болду.

Учурда айдоочулук күбөлүк Мамлекеттик каттоо кызматында берилет.

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG