Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Назгүл Ташпаева президенттик аппараттын бөлүм башчысы болду


Назгүл Ташпаева.
Назгүл Ташпаева.

Назгүл Ташпаева Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бүгүн кол койду.

Ташпаева 45 жашта. 2003-2009-жылдары өкмөттүк жана президенттик аппараттарда бөлүм башчылык, эксперттик кызматтарда иштеген. 2009-жылы эмгек жана социалдык коргоо министри болгон. Кийин эл аралык уюмдарда иштеп жүрдү.

Жарандык өнүктүрүү, диний жана улуутук саясат бөлүмүн буга чейин башкарган Мира Карыбаева ээлеген кызматынан 1-ноябрда бошотулган. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан алынганы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG