Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Роскомнадзор ВВСнин ишмердигин текшерет


Британиялык телерадиоберүүлөр корпорациясынын Лондондогу кеңсеси.
Британиялык телерадиоберүүлөр корпорациясынын Лондондогу кеңсеси.

Орусиянын байланыш жана маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзор мекемеси британиялык телерадиоберүүлөр корпорациясынын (ВВС) интернет-сайты менен "BBC World News" телеканалы боюнча текшерүү иштерин баштаганын билдирди.

Мындай чечим Британиянын телекоммуникация чөйрөсүн тескеген "Ofcom" мекемеси Орусия каржылаган "RT" (Russia Today) телеканалы бейтараптык принцибин бузганын билдиргенден көп өтпөй кабыл алынды.

"Роскомнадзор" 21-декабрдагы билдирүүсүндө ВВСнин материалдары орус мыйзамдарына канчалык шайкеш келип жатканы текшерилерин белгиледи.

ВВСнин маалымат кызматы дүйнөдөгү эң ири медиа уюмдарынын бири болуп саналган бул корпорация башка өлкөлөрдөгүдөй эле Орусияда да жергиликтүү мыйзамдардын чегинде көз каранды эмес маалымат таратып келгенин кабарлады.

Бир күн мурда британиялык "Ofcom" мекемеси орусиялык RT телеканалына санкция киргизүүнү караштырып жатканын, буга аталган каналдын жыл башындагы жети программасында объективдүүлүк принцибин бузганын маалымдаган.

Бир тараптуу берилген программалардын айрымдарында Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен аны кызы Юлиянын ууландырылышы тууралуу сөз болгон. Лондон "Скрипалдарды ууландырды" деп Орусиянын эки тыңчысын айыптап келет. Кремль дооматтарды бир нече жолу четке каккан.

XS
SM
MD
LG