Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:02

Кабул: АКШ күчтөрүнүн азайганы коопсуздукка таасир этпейт


Ооганстандын Нангархар провинциясы.
Ооганстандын Нангархар провинциясы.

Ооганстандагы америкалык аскерлердин санынын азайганы өлкөнүн коопсуздугуна таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу ооган президенти Ашраф Ганинин басма сөз катчысы Хароон Чахансури 21-декабрда билдирди. 

"Эгер алар Ооганстандан чыгып кетсе, коопсуздук жаатында анын таасири болбойт. Себеби соңку төрт жарым жылда оогандыктар кырдаалды толук көзөмөлдөп жатат", - деди Хароон Чахансури. 

Мунун алдында америкалык маалымат каражаттары президент Дональд Трамп АКШнын аскерлеринин орчундуу бөлүгүн Ооганстандан чыгарууну караштырып жатканын өз булактарына шилтеме кылып кабарлашкан. 

"The New York Times" басылмасы жана CNN телеканалы маалымдагандай, президент Трамп армияга Ооганстандагы 14 миңдей америкалык аскерлердин дээрлик жарымын артка кайтарууга буйрук берген.


Ушундай эле маалыматты "The Wall Street Journal" басылмасы, "Франц-пресс" жана "Reuters" жаңылыктар агенттиктери атын атабаган расмий өкүлдөргө шилтеме кылып жазып чыгышты. Бирок аларда америкалык аскерлердин орчундуу бөлүгү Ооганстандан качан чыгып кетери айтылган эмес. Пентагон азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

АКШ баштаган эл аралык коалиция 2001-жылы Ооганстанга кирип, "Талибан" кыймылын бийликтен кулаткан. 2014-жылы НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү ооган жеринен чыгып кеткенден бери Кабул талибдердин чабуулдарынын мизин кайтарууда кыйынчылыктарга туш болуп келет. 

 

XS
SM
MD
LG