Шайлоо штабынын бир да кызматкери же активисти кылмыш жообуна тартыла албайт. Шайлоо мыйзамдары былтыр өзгөргөндөн кийин ушундай эреже киргенин Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын башкарып иштеген Фарид Ниязов бүгүн, 21-декабрда билдирди.
“Добуш сатып алуу фактысы далилденген учурдан башка учурларда штабдын кызматкери же активисти кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн эмес”, деди ал.
Ошону менен катар Ниязов: “Сооронбай Шарипович эмоция менен айтып алды. Аны түшүнсө болот, себеби “касса” маселеси баарына, анын ичинде мага да жагымсыз. Ооба, 2017-жылы мен Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы болгом, аны жашырбайм. Шайлоо өнөктүгүнүн каржылык жагы тууралуу айтсак, башкы демөөрчүлөрдү адатта талапкерлер өздөрү табышат. Былтыр деле ошондой болгон. Өз өнөктүгүнүн финансистин Сооронбай Шарипович өзүнчө аныктаган”, - деп билдирди.
19-декабрда президент Соорондай Жээнбеков Бишкекте жыл жыйынтыгына арналган басма сөз жыйынында журналисттердин шайлоо алдындагы “көмүскө касса” тууралуу суроосуна жооп берип жатып Фарид Ниязовдун атын атаган.
“Алексей Василивецкий сиздин штабда иштеди беле?” деген суроого: “Бул киши Фарид Ниязовдун жакын адамы, кеңешчиси болгон. Ал "170 миң доллар алдым" деп айтты. Алса, келип жооп берсин. Ким берди? Кимден алды? Штабдын башчысы Фарид Ниязов "жооп бербейм, тазамын" дейт. Биринчи Фарид Ниязов жооп бериши керек", - деген Жээнбеков.
Быйыл ноябрда Василивецкий орус жараны экенин, былтыркы президенттик шайлоодо Жээнбековго кеңеш берип иштегенин, бул үчүн акы алганын, кийинки убакта аңдуу жана кооптуу билдирүүлөр болуп жатканы үчүн Кыргызстанда сегиз жыл иштеген соң кетип жатканын айткан.
Василивецкийдин аты-жөнү ага чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов "Жээнбековдун борбордук штабы шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесинде бир нече жолу жазылган. Токтакунов өзү тараткан тизмедеги сумма БШКга жөнөтүлгөн расмий суммадан айырмаланып турарын айтып чыккан. (RK)