Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:44

Кочкордо мыйзамсыз аң уулагандар куралы менен кошо кармалды


Кармалган автоунаа. 21-декабрь, 2018-жыл.

Нарын облусунда Кочкор районуна караштуу Кара-Кужур тоосунда мыйзамсыз аң уулап жүргөн адамдар кармалды.

Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кармоо учурунда алардын автоунаасынан эки тоо эчкинин, бир карышкырдын, топоздун эти жана 17 огу менен ок атуучу курал табылды.

Териштирүүнүн жүрүшүндө ал адамдардын аң уулоого уруксаты жок болгону жана ок атуучу курал аларга таандык эмес экени белгилүү болду.

Окуя учурда Кочкор райондук ички иштер бөлүмү менен кошо териштирилип жатат.

Бул факт Мамэкотехинспекциянын жапайы жаныбарларды коргоо максатында уюштурулган атайын рейдинин алкагында аныкталды.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG