Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда февраль айында ишке кире турган, Евробиримдиктин шенген визасы сыяктуу "Silk Visa" же "Жибек жолу визасы" долбооруна кошулууга даяр.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
“Азыркы күнгө чейин долбоордун башталышы тууралуу расмий түрдө жарыялана элек болчу. Расмий жарыялангандан кийин биз кошулганга даярбыз деп кат жөнөттүк”, - деди министр.
Ташкент менен Астананын ортосундагы мындай жаңы программага ылайык, колунда Өзбекстандын же Казакстандын визасы бар чет өлкөлүк жаранга эки өлкөнүн аймагына тең кирүүгө жол ачылат.
Өзбекстандын Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Улугбек Касымхожаев 20-декабрда Ташкентте журналисттерге билдиргендей, бул долбоор чөлкөмдөгү туризмди өнүктүрүүнү максат кылат.
Борбор Азияда бирдиктүү “Жибек жолу визасын” түзүү идеясы биринчи жолу июнда айтылган. Бул программага Азербайжан менен Түркияны да тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган.