Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Эрдоган күрт кошуундарын Сириядан сүрүп чыгарууга убада берди


Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсү Америка колдогон күрт кошуундарын жана "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун Сириядан сүрүп чыгараарын билдирди. Ал мындай сөзүн АКШнын аскерлери Сириядан чыгарылары жарыялангандан кийин айтты.

"Алдыдагы айларда YPG [күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну] менен Даештин ["Ислам мамлекети" экстремисттик тобу] элементтерин Сириядан жоготууну көздөгөн операцияларга күбө болобуз", - деп билдирди 21-декабрда түрк президенти.

12-декабрда Эрдоган Түркия Сириянын түндүгүндөгү Эвфрат дарыясынын чыгыш тарабындагы күрт кошуундарына каршы жаңы операциясын баштай турганын жарыялаган.

Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдө ИМ тобуна каршы күрөшкө катышып келаткан сириялык күрттөр эгер Түркия аларга чабуул кое турган болсо, өз күчтөрүн түрк чек арасына жөнөтөөрүн эскертишкен.

Эки күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Сириядан чыга турганын, "Ислам мамлекети" тобу жеңилгенин билдирген.

Сирияда азыр АКШнын 2000дей аскери бар. Алар ИМ тобуна каршы күрөштө негизинен жергиликтүү күрт жана араб кошуундары менен кызматташып келген.

XS
SM
MD
LG