Украинанын чыгышындагы жаңжалга байланыштуу Европа Биримдигинин Орусияга киргизген санкциясы күчүнө кирди.
Санкция 2019-жылдын 31-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу Европа Кеңешинин расмий сайтына жарыяланды.
Буга чейин европалык чиновниктер Москва Минск келишиминин аткарылышы боюнча жылыштарды көрсөтө алган эместигин, жикчилдер көзөмөлдөп турган аймакта шайлоо өткөрүүнү колдогонун билдирген. Добуш берүү Украина мыйзамдарын бузуу менен өткөнү айтылган.
Европа Биримдиги Орусияга карата чектөөлөрдү 2014-жылдан бери киргизген. Ал ар жарым жыл сайын узартылып келет. Санкция алгач Крымдын аннексияланышына байланыштуу салынган.(КЕ)