Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Ооруган баланы кароодон баш тарткан педиатр иштен алынды


Сузак районунун Благовещенский айылында дене табы көтөрүлүп кеткен баланы кароодон баш тарткан педиатр иштен алынды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Аталган айылдагы 11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кирген балдар догдуру тууралуу даттануулар бир нече күн мурда социалдык медиага чыккан.

21-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин 208-буйругуна ылайык өз ишин аткарбаганы үчүн иштен четтетилди. Ошондой эле Сузак райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна мындан ары бул сыяктуу окуялар кайталанбасын деген эскертүү берилди. (BCh)

XS
SM
MD
LG