Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Дамирбек Асылбек уулу казак жарандыгынан ажыратылды


Дамирбек Асылбек уулу.

Аткезчилик боюнча айыпталып, Алматыда камакка алынган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулунун паспорту жараксыз деп табылды.

Учурда ал Кыргызстандын жараны катары соттолууда. Бул маалыматты Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады.

Маалыматка караганда, Дамирбек Асылбек уулун кармаган учурда анын жанынан Казакстандын паспорту табылган.

Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, арасында Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу кыргыз жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан.

Алардын ишин Алматы район аралык соту карап жатат. Жараян быйыл 19-октябрда башталган. Ал күнү мурдагы депутат кыргыз жараны экенин билдирип, өзүн Кыргызстанда соттоону суранган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG