Ташкенттин 28 жаштагы тургуну, эки баланын энеси Шахзода Хусанова мыйзамдан тыш жазалоонун курмандыгы болгонун билдирди.
Анын “Азаттыктын” өзбек кызматына айтымында, өзүн кемсинткен аялдар жоопкерчиликке тартылган эмес. Маалыматка караганда, үч аял анын үйүнө кирип барып, балдарынын көзүнчө кол салып, чачын кырып салган.
Өзбекстандын Соттук-медициналык экспертиза боюнча башкы бюросу “Хусанова жеңил жараат алган” деген тыянагын чыгарган. Документте Шахзоданын чачы атайын машина менен кырылганы, чыканагы көгөрүп, колунда, белинде жана ийининде тиштин изи бар экени жазылган.
Шахзода Хусанова Юнусабад районундагы Ички иштер бөлүмүнө арыз жазды. Бирок милиция бул ишти тергөөнү создуктуруп жатат. Арыз өндүрүшкө алынганы, кылмыш иши козголо электиги айтылды.
Адвокат Умида Давлетованын айтымында, өзбек мыйзамдарында адамды өз алдынча жазалоо кылмыш катары каралбайт. “Эгер кимдир бирөө экинчи адамды жазаласа, “денеге залал келтирүү”, “уруп-сабоо” сыяктуу каралып, квалификациясы өзгөрүп кетет”, - дейт жактоочу.
Келинди аялдар эмне себептен жазалап, чачын кырып салганы айтылган эмес.