Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:45

Текебаев ырайым сурабай турганын айтты


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурабай турганын “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жаза мөөнөтүнүн беш жылдан ашуун бөлүгүн өтөдү. Ал мыйзам боюнча жакын арада жатак абакка жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, ошол учурда өзүнүн актыгын далилдей турганын айтты.

Текебаев президенттен ырайым сурабайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:50 0:00

Бүгүн, 22-декабрда Өмүрбек Текебаев 60 жашка толду. Анын туулган күнүнө арналып Бишкекте уюштурулган иш-чарага саясатчылар, коомдук ишмерлер, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы төрагалар, укук коргоочулар катышты.

Иш-чарадан соң алар ооруканага барып, Өмүрбек Текебаев менен жолугушту.

Саясатчынын 60 жылдык мааркеси Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда жана Кочкор-Атада уюштурулду.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген негиз менен былтыр февраль айында камалган.

2017-жылдын августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Коррупция" беренеси менен соттолгон эки саясатчынын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Текебаев менен Чотонов жана алардын тарапкерлери дооматтардын баарын четке кагып, Атамбаев баштаган бийликтин "саясий курмандыгы" болгонун айтып келишет.(КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG