Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Одессага Британиянын кемеси келди


Орусия аннексиялаган Крымда, Керч кысыгында курулган көпүрө.
Орусия аннексиялаган Крымда, Керч кысыгында курулган көпүрө.

Британиянын аскер-деңиз флотунун көп максаттуу гидрографикалык кемеси Одессанын портуна келди. Жума күнү аны Британиянын коргоо министри Гэвин Уильямсон барып көрдү.

Ал кеменин Украинага келиши “Орусиянын президенти Владимир Путинге чоң коңгуроо” болорун жана Киевге карата колдоонун далили экенин белгиледи. Уильямсондун айтымында, зарылчылык болсо Кара деңизде Британиянын аскерий кемелери туруктуу түрдө болуп турат.

"HMS Echo" гидрографикалык кемеси Кара деңизге декабрдын башында багыт алган.

25-ноябрда Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Кара деңизден Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусиянын кадамын “агрессия” деп атаган. Орус президенти кармалган украин аскерлеринин тагдыры тергөөнүн жыйынтыгына жараша чечилерин айткан.

XS
SM
MD
LG