Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Коррупцияга каршы күрөштүн эсеби 10 млн. сомго толукталды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 10 792 192 сом которду. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 326 миллион 827 миң сомдон ашты.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби быйыл июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG