Куткаруучулар Соликамск шаарындагы шахтада камалып, түтүндөн улам каза болгон тогуз жумушчунун сөөгүн табышты. Бул тууралуу журналисттерге кырсык болгон жерде иштеп жаткан ыкчам штабдан кабарлашты. Буга чейин Пермь крайындагы “Уралкалий” кенинде сегиз киши каза болгону айтылган. Каза болгондордун сөөгүн алып чыгуу иштери баштала элек. Шахтадагы өрт өчүрүлүп жатат.
22-декабрда саат он чамасында “Уралкалий” компаниясынын шахтасынан өрт чыккан. Ошол маалда шахтада 17 киши иштеп жаткан. Сыртка чыккан сегиз киши жабыркаган эмес. Калган жумушчулар сыртка чыга албай калган. Алар Пермь, Краснодар крайы жана Башкириянын тургундары.
Ишкананын өкүлдөрү түтүн шахтанын курулуп жаткан аймагында чыкканын, курулуш көбүгү, таштанды күйүп кеткенин айтышкан. Өрт 340 метр тереңдикте башталган, шахтанын жалпы тереңдиги 500 метрди түзөт. Крайдын Тергөө башкармалыгы “Коопсуздук чаралары сакталган эмес” деген берене менен кылмыш ишин козгоду. Жергиликтүү бийлик каза болгондордун жакындарына ар тараптуу жардам берилерин убада кылды.