Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Маевскийдин басма сөз катчысы камакка алынды


Леонид Маевский.
Леонид Маевский.

"CNews" орусиялык ишкер, кыргыз коомуна “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишине байланыштуу таанылган Леонид Маевскийдин басма сөз катчысы Максим Букин камакка алынганын жазды. Кабарда IT-журналист катары белгилүү Букин өзүнүн жетекчиси, Маевскийдин ишине байланыштуу камалганы айтылат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевский ноябрда Москвада камакка алынган.

Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталып, 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлаган.

XS
SM
MD
LG