Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Индонезияда цунами курмандыктарынын саны 200дөн ашты


Цунамиден кийинки көрүнүш. 23-декабрь, 2018-жыл.
Цунамиден кийинки көрүнүш. 23-декабрь, 2018-жыл.

Индонезиянын бийлиги кабарлагандай, ушул сааттарга карата цунамиден 222 кишинин өмүрү кыйылганы аныкталды, дагы 843 адам жаракат алды, 28 адам дайынсыз болуп жатат. Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча агенттиктин расмий өкүлү Сутопо Нугрохо белгилегендей, алдыда бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүн.

Индонезиянын Метеорология жана геофизика боюнча агенттигинин окумуштуулары цунами өлкөнүн Ява жана Суматра аралдары ортосундагы кысыкта Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышынан улам пайда болду деп болжолдоп жатышат. Жекшембиге караган түнү жанар тоо атылгандан кийинки суу толкунунун бийиктиги үч метрге жеткен. Индонезияда буга чейин быйыл сентябрда жер титирөөдөн кийинки цунамиде 2500 адамдын өмүрү кыйылган.

Ал эми 2004-жылдын 26-декабрында зилзаладан кийинки цунами Инд океандын айланасындагы 13 мамлекетке, анын ичинде Индонезияга, Шри-Ланкага, Индия, Таиландга сокку урганда 230 миң киши каза тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG