Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

АКШнын чалгын кызматы үч өлкөнү "шайлоого кийлигишкен" деп айыптады


Дэн Коутс.
Дэн Коутс.

Бир катар чет мамлекеттер, анын ичинде Орусия, Кытай жана Иран 2018-жылы АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө таасир этүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчысы Дэн Коутс билдирди. Анын айтымында, америкалык атайын кызматта чет мамлекеттер добуш берүү системасына аралашууга мүмкүнчүлүк алганы тууралуу далилдер жок. “Добуш берүүдө башка өлкөлөрдүн ыктымал таасири боюнча баа берүү атайын кызматтын компетенциясына кирбейт”, – деп айтылат Коутстун президент Дональд Трампка жөнөткөн отчетунда.

Коутс сөз маалымат кампаниясы тууралуу болуп жатканын айтып, Орусия жана башка өлкөлөрдүн аракеттери боюнча кеңири маалымат берген эмес. Буга чейин жакында эле кызматтан кете турганын жарыялаган коргоо министри Жеймс Мэттис Орусия ушул жылы АКШдагы шайлоого кийлигишүүгө аракет кылганын билдирген. Мэттис Орусиянын аракети кандайдыр бир натыйжага таасир бере албаганын айткан.

Америкада быйыл 6-ноябрда Конгресске шайлоо өттү. Анда Өкүлдөр палатасына 435, ал эми Сенатка 34 киши шайланды.

XS
SM
MD
LG