Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Трамп Сириядан аскерлерди чыгаруу чечимин коргоду


Дональд Трамп Ак үйдө. 11-декабрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп Ак үйдө. 11-декабрь, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп 22-декабрда "Твиттердеги" баракчасында “Башында биз Сирияда үч ай эле турмакпыз, бул жети жыл мурда болчу. Биз кеткен жокпуз. Азыр “Ислам мамлекети” тобу негизинен жеңилди. Биз үйгө кайтып жатабыз”, - деп жазды.

Трамп “жети жыл мурда” деп жазганы менен АКШнын аскерлери Сириянын аймагында 2015-жылга чейин жайгаштырылган эмес. Сириядагы жарандык согуш 2011-жылы жазында тутанган.

Трамптын Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо чечимине нааразылык иретинде “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы эл аралык коалициядагы АКШнын өкүлү Бретт Макгурк да кызматынан кеткени белгилүү болду. Трамптын Сирия боюнча чечими жарыялангандан кийин президент менен “көз караштар шайкеш келбей калганын” жүйө келтирип, 20-декабрда коргоо минисири Жим Мэттис да кызматтан кете турганын билдирген.

Трамптын Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо чечимин Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан. Британия, Франция, Германия да бул чечимди туура көргөн эмес. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин Трамптын чечимин кубаттады.

Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскер кызматчысы бар. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө курамы жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикмеге - Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келген. (UE)

XS
SM
MD
LG