Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:01

АКШда коргоо министринин милдетин аткаруучу дайындалды


Президент Дональд Трамп АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Патрик Шанахан менен Ак үйдө. 9-май, 2018-жыл.

Президент Дональд Трамп коргоо министринин милдетин аткаруучу кылып буга чейин министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген Патрик Шанаханды дайындады. Ал жаңы кызматына 1-январда киришет. Трамп “Твиттердеги” баракчасында Шанаханды “абдан таланттуу” адам катары мүнөздөдү.

АКШ президентинин Сириядан америкалык аскерлерди чыгаруу боюнча чечими жарыялангандан кийин Трамп менен “көз караштары шайкеш келбей калганын” жүйө келтирип, 20-декабрда коргоо министри Жим Мэттис кызматтан кете турганын билдирген. Бирок ал февраль айынын соңуна чейин иштей берери да айтылган.

Кесиби боюнча инженер-механик Патрих Шанахан мурда АКШнын учак жасоочу “Боинг” ("Boeing") компаниясында вице-президент кызматын аркалаган. (UE)

XS
SM
MD
LG