Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Франция Трамптын Сирия боюнча чечимине өкүнөрүн билдирди


Эммануэл Макрон.

АКШ Сириядагы аскерлерин чыгарып кетүүнү чечкенине байланыштуу Франция өкүнүчүн билдирет. Бул тууралуу француз президенти Эммануэл Макрон 23-декабрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты. "Мен АКШнын Сирия боюнча чечимине абдан өкүнүп жатам. Өнөктөш ишенимдүү болушу керек эле" деди ал.

- Франция аскердик колдоосун мындан ары да уланта берет. Өнөктөштүк ишенимдүү мамилелерге негизделип, ич ара координация болушу керек,- деди Макрон.

Трамптын Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо жөнүндө чечимин Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан. Британия, Германия да бул чечимди туура көргөн эмес. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин Трамптын бул чечимин кубаттады.

АКШнын президенти 22-декабрда "Твиттердеги" баракчасында: “Башында биз Сирияда үч ай эле турмакпыз, бул жети жыл мурда болчу. Биз кеткен жокпуз. Азыр “Ислам мамлекети” тобу негизинен жеңилди. Биз үйгө кайтып жатабыз”, - деп жазган.

XS
SM
MD
LG