Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Мектепте балаты майрамында пиротехника колдонууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде жана бала бакчаларда жаңы жылдык балаты майрамдарында фейерверк уюштурууга тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин атайын буйругу чыкканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Буйрукта пиротехникалык каражаттардын эч бир түрүн пайдаланууга уруксат жок экени айтылат.

Билим берүү боюнча райондук жана шаардык башкармалыктар өрт коопсуздугун сактоого чара көрүп, балдар жана ата-энелер, мугалимдер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.

Кыргызстанда 2,5 миңге жакын мектеп бар, аларда 1 миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Бул жумада бардык бала бакчаларда, мектептерде балаты майрамдары өтүп, кышкы каникул 1-январда башталат. Үчүнчү чейрек 14-январда башталат.

Былтыр өрт коопсуздугу сакталбай, Чүйдүн Кегети айылында окуучулар иске ууланган. Окуяга байланыштуу министрликте комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG