Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Айлыктан Соцфондго которулуучу акчанын өлчөмү талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн Социалдык фондго чегерилүүчү каражат маселеси талкууланат. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мамлекеттик социалдык камсыздандыруудагы тарифтик саясат багытында кызматташуу боюнча жумушчу топ алгачкы жыйынына чогулат. Ага парламенттин жана өкмөттүн өкүлдөрү катышат.

Быйыл сентябрь айында Бишкекте социалдык камсыздандыруу маселесин талкуулаган жыйын өтүп, анда кыргызстандыктардын айлык маянасынан Социалдык фондго чегерилүүчү акча боюнча тариф тууралуу сөз болгон.

Ага чейин ушул эле маселе президент Сооронбай Жээнбековдун ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анда ишкерлер Соцфондго айлык акынын азыркыдай 25-27% эмес, 20% которуп турууну сунуш кылышкан.

Камсыздандыруу тарифтери жогору болгондуктан ишкерлер кирешесин жашырууга мажбур экени да айтылып, орто жана чакан бизнестин 60% көмүскөдө иштеп жатканы белгиленген.

Ошону менен катар жылдан жылга Кыргызстанда пенсионерлер көбөйүп, ал эми аларга пенсия төлөй турган фонд көбөйбөй жатканы да айтылган.

Кыргызстанда 648 000 пенсионер бар. Алардын 38% мамлекеттен жашоо минимумунан төмөн акча алышат. Орточо пенсия 5682 сомду түзөт. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG