Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкер тандалат


КТРК.
КТРК.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин курамы боюнча токтомго өзгөртүү киргизүү маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде каралат.

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жарандык коомдун өкүлү катары иштеп келген Айгүл Жунушалиеванын ордуна талапкерлер каралат.

- Жарандык сектордун өкүлү болгон кызыбыз Айгүл Жунушалиева чет мамлекетке окуусуна байланыштуу кетип жаткандыктан бизге арыз жазган. Биз Жогорку Кеңешке "анын ордуна мүчө шайлап бергиле" деп кайрылганбыз, - деди Жыпар Жекшеев.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат.

Бул жолу кеңешке 2017-жылдын апрель айынан бери мүчө болуп келген Жунушалиеванын ордуна Маркабай Ааматовдун, Чынара Капарованын, Атыркүл Сарыбаеванын, Мирбек Мурзабековдун, Нургазы Мусаевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG