Валерий Белоконь деген ат Советтер Союзундагы Мамлекеттик коопсуздук комитети – КГБнын баканооздорунун тизмесинен табылды.
Аты-жөнү ушундай эле адам кыргызстандыктарга Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнүн бири деп эсептелген латвиялык ишкер катары белгилүү.
20-декабрда Латвия КГБнын архивин ачыкка чыгарды. Агенттер, резиденттер жана жашыруун жолугушуулар өтүүчү жайлар үчүн жооптуулардын аты-жөнү, каймана аты жазылган 10 миңдей документ өткөн кылымдын 80-жылдарында топтолгону айтылат.
Анын баары эми Латвиянын мамлекеттик архивинин Интернеттеги расмий сайтында ачык болот.
Валерий Белоконду кыргызстандыктар "2010-жылга чейин арам акчаны адалдоого аралашкан" деген “Манас” банкынын мурдагы жетекчиси катары билишет. Ал эми Англиянын түндүк-батышындагы 140 миңдей киши жашаган Блэкпул шаарындагылар аны жергиликтүү футбол клубунун мурдагы президенти катары таанышат.
Белоконь азырынча Интернетте тарап жаткан маалымат тууралуу комментарий бере элек. (RK)
Пикирлерди көрүңүз (3)
дагы пикирлерди жүктөө