Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Жалал-Абадда дрон жол кырсыгын тартып алган


Тасмага тартылып калган жол кырсыгы.
Тасмага тартылып калган жол кырсыгы.

Жалал-Абад шаарынын кире беришинде жол кырсыгы болуп, андан эки киши жабыркаганы айтылууда. Кырсыкты үйлөнүү тоюн тартып жүргөн дрон кокустан тасмага түшүрүп калган.

Тасмада кызыл түстөгү "Шевроле Авио" үлгүсүндөгү автоунаа катуу ылдамдыкта баратканда башкарууну жоготуп, Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги аркага урунганын көрүүгө болот.

Баштапкы маалыматка ылайык, унаада 23 жаштагы айдоочу жана 24 жаштагы жүргүнчү отурган. Экөө тең кырсыктан кийин райондук ооруканага жеткирилген.

Расмий маалымат боюнча 2018-жылдын 9 айында өлкөдө 4 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Андан 458 киши каза болуп, 6 миңден ашык адам жабыркаган. (KR)

XS
SM
MD
LG