Прокурордун эки жардамчысы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин сабаган окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады.
Балыкчыда 23-декабрга караган түнү райондук прокуратура кызматкерлери менен башкармалыктын инспекторлору мушташа кетишкен. Анда жабыркаган МАИчи ооруканага жаткырылды. Учурда мушташтын себептери териштирилип жатат жана кызматтык иликтөө жүрүүдө. Мушташка катышкан кызматкерлер иштен алынды. (КЕ)