Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

АКШнын Сириядагы аскерлерин чыгаруу боюнча буйрукка кол коюлду


АКШнын Сириядагы аскерлеринин автоунаасы Манбиж шаарында. 4-апрель, 2018-жыл.
АКШнын Сириядагы аскерлеринин автоунаасы Манбиж шаарында. 4-апрель, 2018-жыл.

Бул тууралуу Пентагондун өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен америкалык медиа кабарлоодо. СNN телеканалынын кабарына караганда, АКШнын Сириядагы аскерлерин чыгаруу боюнча буйрукка кызматтан кетип жаткан коргоо министри Жим Мэттис кол койгон.

Президент Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо жөнүндө өз чечимин алгач 19-декабрда жарыялагандан кийин аны Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан.

АКШнын Европадагы башкы өнөктөштөрү: Британия, Франция, Германия да бул чечимди туура көргөн эмес. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин Трамптын чечимин кубаттаган.

АКШнын президенти өз чечимин Сирияда “Ислам мамлекети” тобу жеңилгени менен негиздеген.

Бирок бул чечимге нааразылык иретинде АКШнын “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы эл аралык коалициядагы өкүлү Бретт Макгурк да кызматынан кеткени кечээ белгилүү болду.

Трамптын Сирия боюнча чечими жарыялангандан кийин президент менен “көз караштар шайкеш келбей калганын” жүйө келтирип, кызматтан кете турганын 20-декабрда коргоо министри Жим Мэттис да билдирген.

Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскер кызматчысы жайгаштырылган. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө курамы жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикмеге - Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келген. (UE)

XS
SM
MD
LG