Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

Орусияда Крым көпүрөсүнүн ачылышы жылдын башкы окуясы болуп таанылды


Керч кысыгындагы көпүрө. 16-май, 2018-жыл.
Керч кысыгындагы көпүрө. 16-май, 2018-жыл.

Москвадагы “Левада борбордун” сурамжылоосу ушуну көргөздү. Анын сурамжылоосуна тартылгандардын 47% Орусиянын 2018-жылдагы эң башкы окуясы катары Крым көпүрөсүнүн ачылышын аташкан. Экинчи орунга 46% менен пенсиялык реформа чыккан.

Ал эми жылдын үчүнчү маанилүү окуясы деп орусиялыктар президенттик шайлоону эсептешкен. Бул пикирди cурамжылоого катышкандардын 37% билдирген.

Керч кысыгында Орусиянын калган аймагын 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралы менен кургактан байланыштырган чоң көпүрөнү Москва быйыл май айында ишке киргизген.

Быйыл 25-ноябрда Кара жана Азов деңиздери кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия”, Орусия “чагым” деп баалаган.

Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган. (UE)

XS
SM
MD
LG