Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Аткаминерлерди актандырган машинелер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев гранттык акчанын эсебинен кымбат жол тандабастарды кызматтык унаа катары сатып алганы ашкере болду.

Парламенттин депутаты Аида Исмаилова медицина тармагында акча тартыш болуп жатканда бул жетекчилердин кылган иш-аракетин аягына чейин териштирип, алардын жоопкерчилигин кароону өкмөт башчысынан талап кыларын билдирди.

Министр Космосбек Чолпонбаев жол тандабасты алуу маселеси ага чейин эле чечилгенин айтып, долбоор боюнча кийин андан баш тартуу мүмкүн эмес экенин айткан болчу. Бирок ага чейинки министр Талантбек Батыралиев аталган гранттык долбоордо жол тандабас алуу маселеси болбогонун айтып, азыркы министрдин айтканын жокко чыгарды.

Азыркы жана экс-министрлердин версиялары

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев ар биринин наркы 5,6 миллион сом турган же болбосо 82 миң долларга барабар эки жол тандабас сатып алышканы белгилүү болду. Бул тууралуу парламент депутаты Аида Исмаиловага маалымат келип түшкөн. Аталган жетекчилерге кызматтык унаа катары ыйгарылган бул жол тандабастар Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүгүү бирикмесинин гранттык каражатына алынган. Бул донор уюм Кыргызстандагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун колдоо программасын каржылайт.

Бул автоунаалар "Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө" мыйзамдын талаптарына ылайык сатылып алынышы керек болчу. Бирок териштире келгенде Мамлекеттик сатып алуу порталында автоунааларды сатып алууга тендер жарыяланганы тууралуу маалыматтар жок болуп чыкты. Бул тууралуу айткан депутат Аида Исмаилова бул эки жетекчинин жоопкерчилигин кароону өкмөт башчысынан талап кыларын билдирди:

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

- Саламаттык сактоо министри менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы (ФОМС) ФОРдун линиясында (долбоордун аталышы) кымбат баалуу жаңы жол тандабастарды сатып алышкан. Бирок бул боюнча мамлекеттик сатып алуу порталында тендер жарыяланганы боюнча маалыматтар жок болуп чыкты. Анан булар кантип алышты деген суроо туулат. Мага түшкөн маалыматтар боюнча кызматтык автоунаалар ФОРдун пайдаланылбай калган акчасынын эсебинен сатып алынган. Ага министр өзү кол койгон. Ушундай жетишпеген учурда алар кымбат баалуу кызматтык машинелерди сатып алганын билип, жаным кейиди. Катардагы дарыгерлер 6-7 миң сом айлык алып, иштеп жүрүшөт. Ооруканаларда дары-дармек, заманбап медициналык жабдуу жок. Анан бул жетекчилер кайсы арына кымбат баалуу кызматтык машине минип жүрүшөт? Алар ошондой автоунааларды алгандын ордуна акчаны гемодиализге муктаж оорулууларга жумшап же болбосо онкологиялык оорулууларга керектүү дары-дармектерди алып беришсе болбойт беле? Ошондо канча адамдын өмүрү сакталып калмак!

Буга чейин саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтык машине алуу маселеси ага чейин эле чечилип калганын "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, Дүйнөлүк банктын кызматтык автоунаа сатып берүүнү караган гранттык долбооруна кийин өзгөртүү киргизүү мүмкүн болбой калган.

- Дүйнөлүк банк бул маселени биз келгенге чейин эле планга киргизип койгон экен, - деди ал. - Мен болсо “мындай нерсенин кереги жок” дегем. Бирок ал жактан “планга кирип, бекитилип калды” деген жооп болду. Мага чейин эле пландаштырылып калгандыктан аны Дүйнөлүк банктын бул долбоорунан чыгарып, өзгөртүүгө мүмкүн эмес экен. Мен бул кызматтык автоунааны минбей деле коём. Аны гаражга токтотуп коюп же өкмөткө деле өткөрүп беребиз. Болгону бул маселе мурда эле долбоорго киргизилип, мыйзам чегинде алынып калган экен. Аны өздөрү сатып беришкен. Бизден демилге болгон эмес.

Бирок мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев азыркы министрдин айткандарын жокко чыгарды. Батыралиевдин айтымында, анын убагында аталган долбоордун алкагында кымбат баалуу кызматтык автоунааларды сатып алуу тууралуу Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сөз болгон эмес. Ал тармакта толтура муктаждык турганда донор уюмдан кызматтык унаа сатып берүүнү туура эмес деп эсептейт.

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

- Мен буга аябай таң калдым, - деди мурдагы министр. - Медицина тармагында каражат аябай тартыш болуп жатканда гранттык каражатка жол тандабас алып, аны кызматтык унаа катары колдонуу менин акылыма да келмек эмес. Дары-дармек, жабдуу алуу маселелери чечилбей турганда кымбат баалуу кызматтык машине сатып алуу маселеси көтөрүлгөн эмес. Андай маселе көтөрүлмөк да эмес. Себеби биз аны эң зарыл керектелүүчү муктаждык катары эсептеген эмеспиз. Аймактардагы ооруканалардын автопаркы аябай начар. “Тез жардам” машинелери эскилиги жеткен же дээрлик жок десек да болот. Анан ушундай абалда “гранттык каражатка келди” деп эле эки жетекчи кымбат баалуу эки жол тандабас алышканы кызык. Бул абдан туура эмес.

«Тез жардамдын» кереги, Дүйнөлүк банктын белеги...

Адистердин айтымында, бул эки жетекчи кызматтык автоунаа катары өзүнө ыйгарган эки жол тандабасты сатып алууга 164 миң доллар чыгымдалган. Бул акчага аймактардагы ооруканалар үчүн тиешелүү жабдуулары менен заманбап үлгүдөгү 10 "Тез жардам" унаасын сатып алууга мүмкүн эле. Анткени буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында республика боюнча жүздөн ашуун "Тез жардам" унаасы керек экени белгиленген болчу.

Космосбек Чолпонбаев министрликке көрсөтүлүп жатканда парламентте ага карата мурда кылмыш иши козголгон жагдай күмөн жаратып, бул маселе анын жетекчилик аброюна шек келтирбейби деген мааниде суроо берилген эле. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны татыктуу кадр деп баалап, эгерде ал ишенимди актабаса аны менен кош айтышууга туура келерин эскерткен болчу:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Космосбек Сариевичке биз ишеним артып жатабыз. Анткени ал фармацевтика тармагында көп өзгөртүүлөрдү жасоого демилгечи болуп жатат. Анан ага биз да талап коюп жатабыз. Эгерде анын ишмердиги кыска мөөнөттө парламенттин купулуна толбосо, анда аны менен коштошуу кыйын деле болбойт.

Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев кымбат баалуу жол тандабасты кызматтык автоунаа катары сатып алуу Дүйнөлүк банктын тиешелүү долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгонун айтты. Бирок, анын айтымында, жол тандабастын баасы 2 миллион сомдун айланасында эле болгон. Фонддун төрагасы Марат Калиев автоунааларды алуу маселеси боюнча буларга токтолду:

- Бул каражат - саламаттык сактоо мекемелерине каралып, бирок андан үнөмдөлүп калган акча эмес. Бул акчаны Дүйнөлүк банк башында эле коштоп жүрүүчү иш-чаралар үчүн административдик чыгым катары долбоорго киргизген. Ал эми медициналык мекемелерди колдоо долбоору толук бойдон эле каржыланууда. Бул долбоор 2011-жылдары түзүлгөн. Анан аталган программаны ишке ашырыш үчүн тез-тез аймактарга чыгууга туура келет. Ошондуктан бул автоунааны долбоорго киргизүү жагы чечилген.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик мекемелердеги жогорку кызмат адамдары үчүн кыймылдаткычынын күчү 4 кубдан ашпаган бензин керектеген кызматтык автоунааларды гана сатып алууга уруксат берилген. Ал эми жол тандабастардын кыймылдаткычынын күчү адатта 4 кубдан көп болору белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG