Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Азиз Суракматов КСДПнын талапкерлер тизмесинен чыгарылды


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча Суракматов өзү арыз жазган. БШК бул арызды карап, канааттандырды.

Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп 8-августта шайланган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы көрсөтүп, көпчүлүк колдогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG