Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Пакистанда мурдагы премьер-министр жети жылга кесилди


Навази Шариф сотко келген учур. Лахор, 8-октябрь, 2018-жыл.
Навази Шариф сотко келген учур. Лахор, 8-октябрь, 2018-жыл.

Бүгүн Пакистандын Антикоррупциялык соту мурдагы премьер-министр Навази Шарифти жети жылга түрмөгө кескен жаңы өкүм чыгарды.

Сот өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысын бул ирет анын буга чейинки киреше булактарында көргөзүлбөгөн активдерге ээлик кылганы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Шариф өзү кмыйзам бузбаганын, ага каршы айыптардын баарынын саясий жүйөсү бар экенин айтууда. Ал өкүмдү апелляцияга бере алат.

Бүгүн өкүм жарыяланар замат судья Шарифти баш калаа Исламабаддын жанындагы түрмөгө камоого да буйрук берди. Анын сот имаратынын жанына чогулган жактоочуларын таратыш үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Пакистандын мурдагы премьер-министри Лондондон кымбат баалуу батир сатып алышына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында быйыл июлда он жылга түрмөгө кесилген.

Шариф өкүмдү апелляцияга берип, сентябрда күрөө менен бошотулган. Ал премьер-министрликтен былтыр четтетилген. (UE)

XS
SM
MD
LG