Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Түркия Сирия менен чек арасын чыңдай баштады


АКШнын аскер адамдары Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлдөрү менен Сирия-Түркия чек арасынын жанында. 4-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын аскер адамдары Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлдөрү менен Сирия-Түркия чек арасынын жанында. 4-ноябрь, 2018-жыл.

Түркиянын мамлекеттик “Анадолу” агенттиги маалымдагандай, өлкөнүн түштүк-чыгышында Сирия менен чек арадагы Килис провинциясына аскерлер, танктар жана замбиректер жеткирилди.

“Хурриет” басылмасы болсо ушул дем алыш күндөрдөн бери Сириянын Түркия менен чектеш Ал-Баб аймагына 100гө жакын жүк тарткан унаа өткөнүн кабарлады.

“Анадолу” агенттигинин маалыматына караганда, Сириянын ичинде Түркия колдогон оппозициячыл согушкерлер Манбиж шаарынын айланасына жыйналууда. Сириянын түндүгүндөгү Манбиж шаарын азыр АКШ колдогон күрт кошуундары ээлеп турат. Анкара аларды Түркиянын ичиндеги күрт согушкерлерине байланышы бар “террорчулар” деп санайт.

АКШ жана Түркия президенттери Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган 23-декабрдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө америкалык аскерлердин Сириядан кетишине байланыштуу аймакта бийлик вакууму жаралбашы үчүн аскерий жана дипломатиялык иштерин координациялоону макулдашканы кабарланган.

Президент Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо жөнүндө өз чечимин алгач 19-декабрда жарыялагандан кийин аны Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан.

АКШнын Европадагы башкы өнөктөштөрү - Британия, Франция, Германия да бул чечимди туура көргөн эмес. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин Трамптын чечимин кубаттаган.

АКШнын президенти өз чечимин Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобу жеңилгени менен негиздеген. Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскер кызматчысы жайгаштырылган. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө курамы жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикмеге - Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келген. (UE)

XS
SM
MD
LG