Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Жалал-Абадда мунай уурдоо боюнча шектүү адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда «Кыргызмунайгаз» ишканасынан ири өлчөмдө мунай уурдоо боюнча шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя ноябрь айында болгон.

Жердин асты менен өтүүчү куурду тешип, 1,5 тонналык цистернага мунайды жашыруун куюп алып жаткан жеринен ууруну көрүп калышкан.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Сузактын Күмүш-Азиз айылынын 31 жаштагы тургуну кармалып, азыр сурак берип жатат.

Шектүүнүн айтымында, буга чейин ал 10 тоннадай мунай уурдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG