Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Депутаттар жарандардын банк эсептери тууралуу маселени талкуулашат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансылык чалгын кызматы кардарлардын банк эсептери тууралуу тараган маалымат боюнча бүгүн депутаттардын суроолоруна жооп берет. Бул маселе Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин күн тартибине кирди.

Жакында Интернетке "Финчалгын кызматынын жетекчилиги бардык банктарга кайрылып, 17-декабрга чейин кардарларынын банк эсептери жана уячалары тууралуу маалымат беришин талап кылганы жөнүндө документтин көчүрмөсү" деген сүрөт тараган.

Банк тармагы боюнча адистер мындай талап мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан. Ал эми Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Финансылык чалгын кызматынын мындай аракетин чыккынчылыкка теңеген.

Бирок мекеме өзү банктарга жиберген катын “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы” мыйзамдын талаптары менен түшүндүрүүдө.

Кызматтын жетекчиси Гуламжан Анарбаев коммерциялык банктарга жиберген кат коомчулукка кандайча жарыяланып кеткенин иликтөөнү өтүнүп укук коргоо органдарына кайрылганын айткан.

Кыргызстанда 20га жакын коммерциялык бар. (RK)

XS
SM
MD
LG