Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Кыргызстандагы экосистемалардын 5-10 пайызы гана сакталып калган


Эколог Эмил Шүкүров.
Эколог Эмил Шүкүров.

Эколог Эмил Шүкүров "Азаттыкка" Кыргызстандагы экосистемалардын 5-10 пайызы гана сакталып калганын билдирди. Анын айтымында, эгемендик алгандан кийинки мезгилде эле экосистемалардын көбү жок болуп кеткен.

- Кыргызстан эгемендигин алган кезде экосистемалык түзүмдөрдүн 50-60 пайызы сакталып турчу, - деди ал. - Нормага ылайык ар бир өлкө экосистемасынын кеминде 60 пайызын сактап турушу керек. Антпесе ал өлкө жашоосун улантууга зарыл болгон экологиялык шарттарды камсыз кыла албай калат. Азыр бизде табигый экосистемалардын беш, ашып кетсе 10 пайызы гана сакталган. Саны жагынан да азайып жатат. Мурун 20 түрдүү экосистема бар болсо, азыр беш, көп болсо жети экосистема сакталып калган. Саны жагынан да, сапаты жагынан да абал оор. Учурда табигый ресурстарды колдонуп жаткан бир да уюм эрежелерди жана мыйзамдарды сактабайт.

Илимпоздун айтымында, учурда мал туш келди жайылып жатканы да кырдаалга терс таасирин тийгизип жатат.

- Азыр Советтер Союзу маалына салыштырмалуу мал аябай эле аз, бирок жайыттар туура эмес пайдаланылып, он эсе көп зыян алып келүүдө, - дейт адис. - Бизде жайкы, жазгы, күзгү, кышкы жайыттардын айлампасы жок болуп калды. Кыргыздар кылымдар бою малын туура жайып келип, азыр эле баарын талкалап салышты.

Илимпоз, профессор Эмил Шүкүров бул маселе тууралуу азыркы президент менен акыркы убакытта эле эки ирет жолукканын айтты. Анын айтымында, президент бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүгө убада берген. (KR)

XS
SM
MD
LG