Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова кызматтан кетти


Айнура Темирбекова.
Айнура Темирбекова.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова кызматтан кетип жатканын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ал өзү менен иштешкен, кызматташкан бардык адамдарга ыраазычылык билдирип, кызматтан кетүү ойлонуп кабыл алынган чечим экенин жазды.

“Жаңы мүмкүнчүлүктөргө, идеяларга жана жаңы көз караштагы адамдарга орун бошотуп берүүгө мезгил жетти. Кыргызстан үчүн пайдалуу болуп, бардык тармактар боюнча кызматташууга даярмын”, - деди ал.

Айнура Темирбекова министрдин орун басары болуп 2013-жылы августта дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG