Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Жолдубаева: Атамбаевдин үйү тууралуу маалымат жалган


Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү. Курулуш жүрүп жаткан учур.

"Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жаңы салынган үйүн апрель окуясында жабыркагандардын балдарына бала бакча үчүн берет" деген маалымат жалган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Ал муну кезектеги ушактардын бири катары баалады.

Мунун алдында жергиликтүү сайттардын бири Алмазбек Атамбаев үйүн бала бакчага бермей болгонун Кундуз Жолдубаевага шилтеме кылып жазып чыккан. Жолдубаева андай маалымат эч кимге берилбегенин айтты.

Атамбаев президент болуп турган 2016-жылы Бишкектин түштүк тарабындагы Кой-Таш айылына жакын жерге үй салганы маалым болгон. Бирок бул 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирип, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин мамлекетке өткөрүлгөн жер экени айтылган.

Аны Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач аялына каттатып, ал болсо кийин Атамбаевге сатканын айткан. Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 1-декабрдагы басма сөз жыйынында Кой-Таш айылындагы тогуз гектардан ашык жер тилкесин мыйзамдуу акчага Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алганын өзү да ырастаган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы маегинде Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири экенин, үй ак эмгеги менен тапкан акчага курулганын айткан. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG