Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

Кабулдагы кол салуунун курмандыктары 43 адамга жетти


Ички иштер министринин орун басары Насрат Рахими атышуу сегиз саатка созулганын, 350 адам куткарылганын маалымдады.
Ички иштер министринин орун басары Насрат Рахими атышуу сегиз саатка созулганын, 350 адам куткарылганын маалымдады.

Кабулдун чыгыш тарабында өкмөттүк имараттарга согушкерлердин кол салуусунан кеминде 43 адам каза тапты. Ооганстандын расмий адамдарынын маалыматы боюнча, атышуу бир нече саатка созулган. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Вахид Майрухтун билдиргенине караганда, 24-декабрда Коомдук иштер министрлиги жана башка мекемелер жайгашкан имараттагы кармаштан дагы 25 адам жарадар болгон. Жанкечти имараттын кире беришинде өзүн жардыргандан соң согушкерлер чабуул койгон.

Ички иштер министринин орун басары Насрат Рахими атышуу сегиз саатка созулганын, 350 адам куткарылганын маалымдады. Имарат куралдуу топтон саат түнкү бирде толук тазаланып, үч согушкер өлтүрүлгөн.

Бул кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Адатта мындай чабуулдарды “Талибан” кыймылы жана “Ислам мамлекети” террористтик тобу уюштуруп келген. “Талибандын” өкүлү Забиулла Муджахид "France-Presse" агенттигине чабуулга алардын тиешеси жок экенин билдирди.

Президент Ашраф Гани кол салууну айыптап, “террорчуларды жок кылганы үчүн” коопсуздук күчтөрүн мактады.

XS
SM
MD
LG