Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендияларды тапшырып жатып, Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда экенин эске салды.
- Билимдүү коом гана өнүккөн мамлекетти курат. Азыр дүйнөлүк экономиканын жүзү өзгөрдү. Интеллектуалдык эмгек менен байланышкан тармактардын үлүшү басымдуу болуп келе жатат. Силер окууӊарды аяктап, эмгек рыногуна барганда жаӊы тармактар, жаӊы технологиялар, жаӊы кесиптер дүйнө турмушуна кирет. Алардын ичинде биотехнология, нанотехнология, композиттүү материалдар, жаӊы медицина, жаӊы экологияга негизделген кесиптер бар. Азыркы маалымат коомунун мүнөзү өзгөрөт. Силердин турмуштагы ийгилигиӊер ушул өзгөрүүлөрдү өздөштүрүү боюнча жөндөмүӊөргө байланыштуу болот, - деди Сооронбай Жээнбеков.
Жыл сайын өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн президенттик стипендия тапшырылат. Быйыл 69 студент президенттик стипендияга татыктуу болду. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык жылга 50 миң сом стипендия берилди. (KR)