19-декабрда Стогкольмдо швециялык "TeliaSonera" ("Telia") телекоммуникациялык ишканасынын мурдагы башкаруучуларынын үстүнөн башталган сот иши аяктады. Сот жараяны төрт айга созулду. Акыркы соттук отурумда швед прокурорлору коррупциялык кылмышка барганы үчүн "TeliaSonera" компаниясынын мурдагы аткаруучу директорлору Ларс Нюберг менен Теро Кивисаариге, ошондой эле ишкананын мурдагы кеңешчиси Ули Туимага мүмкүн болушунча катаал жаза берүүнү суранышты.
Бул үчөө тең "Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага өзбек рыногуна кирүү жана аларды бийликтен коргоп берүү үчүн жалпы жонунан 350 млн. доллар берген" деп айыпталууда.
Швециянын мыйзамдарына ылайык, коррупциялык кылмыштар алты айдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат. Прокурорлор телекоммуникациялык компаниянын Өзбекстанга кирүү ишин көзөмөлдөгөн Теро Кивисаарини жети жыл сегиз айга кесүүнү суранышкан. Ал эми Ларс Нюберг менен Ули Туимага алар андан азырак жаза берүүнү соттон өтүнүштү.
Гулнара Каримова өзү Өзбекстанда бир катар коррупциялык кылмыштар үчүн соттолуп, азыр абакта жазасын өтөп жатат.