Папа Франциск өнүккөн доордо адамдарды жөнөкөй болууга, материалдык дүйнөгө азгырылбоого чакырып, байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым күчөп бара жатканын сындады. Бул тууралуу ал 24-декабрдын кечинде Рождество майрамына карата Ватикандагы Петр чиркөөсүндөгү сыйынуу учурунда айтты. Католиктердин 82 жаштагы диний көсөмү "дүйнөдөгү жакырлардын абалы баарыбызды жашоонун маңызы тууралуу ойлонууга түртүшү керек" деди.
“Келгиле, өзүбүздөн сурайбыз: чын эле бизге бул материалдык нерселер жана турмушту оорлоткон жол-жобо керекпи? "Мен бул керексиз нерселер жок эле карапайым өмүр сүрсөм болобу” деп сурап көрөлү" деди ал.
Рим папасынын бул сөздөрүн Ватикандагы сыйынууга келген 10 миңдей адам угуп турду.
Папа Франциск Сириядагы, Йемендеги, Африканын айрым өлкөлөрүндөгү, Корей жарым аралындагы, Украинадагы жана башка жерлердеги жаатташкан тараптарды да ынтымакка үндөдү.
Йеменде 2015-жылдан берки жарандык согуштан 10 миңдей адам набыт болсо, Сириядагы 2011-жылдан берки уруштардан өлгөндөрдүн саны 400 000 миңге жетти.
Рождество - христиан дининдеги эң чоң майрамдардын бири. Аны католиктер менен протестанттар 25-декабрда, ал эми православдар 7-январда белгилешет.
Рим Папасы жыл сайын Рождестводо таат-ибадаттан тышкары жалпы адамзаттын көйгөйүнө, дүйнөдө чечилбей жаткан маселелерге да токтолот.