Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Парламенттеги фракция лидерлери Текебаевге ырайым берүү боюнча өтүнүчтү колдошту


Фракция жетекчилеринин каты.
Фракция жетекчилеринин каты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча экс-президент Роза Отунбаеванын президент Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусун парламенттеги фракциянын лидерлери колдошту. “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” айтканына караганда, кайрылууга алты фракциянын лидерлери кол койду. Эми бул кайрылуу мамлекет башчыга тапшырылат.

Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Мындан сырткары Отунбаева парламенттеги фракция лидерлерин да бул демилгеге кошулууга чакырган.

Экс-президент “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып, мамлекет башчы соттолуучу өзү кайрылбаса да, анын эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.

19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албай турганын, бирок Текебаев өзү кайрылса мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG