Түркия Сириянын түндүгүндөгү Евфрат дарыясынын чыгыш тарабындагы аймакка өз аскерлерин мүмкүн болушунча чукул арада жиберүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 25-декабрда билдирди. Бир күн мурда Анкара Сирия менен чек арасына кошумча күчтөрдү жөнөткөнү маалым болгон.
“Эгер Түркия Сирияга кирерин билдирген болсо, ошондой болот. Биз мүмкүн болушунча чукул арада Евфрат дарыясынын чыгыш тарабына кирүүнү болжоп жатабыз” - деди Чавушоглу журналисттерге.
Түркия Сириянын түндүгүндө жаңы аскердик операциясын баштай тургандыгын ушул айдын башында жарыялаган. Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлер чыгарыларын билдирген.
Байкоочулар Вашингтондун бул кадамынан улам Анкара америкалыктардын толук чыгып кетишин күтүп, өз операциясын токтотуп турганын айтышууда. Трамп аскерлерди чыгарып кетүүнүн ыраатын жарыялабастан, жараян акырындап, Түркия менен координацияланып жүрөрүн билдирди.
24-декабрда түрк маалымат каражаттары Анкара Сирия менен чек арага кошумча күчтөрдү жана оор аскердик техника жөнөткөнүн жазышты. Буга чейин АКШ башында турган коалициянын колдоосуна ээ болуп келген күрт кошуундары Трамптын кадамы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. Сириялык күрттөр эгер Түркия аларга чабуул кое турган болсо, өз күчтөрүн түрк чек арасына жөнөтөөрүн эскертишкен.