Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Согушкерлер Ливиянын Тышкы иштер министрлигине кол салды


Тышкы иштер министрлигинин имараты кол салуу болгондон кийин. 25-декабрь, 2018-жыл
Тышкы иштер министрлигинин имараты кол салуу болгондон кийин. 25-декабрь, 2018-жыл

25-декабрда жанкечти Триполидеги Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында өзүн жардырды. Анын шеригин болсо полиция жардыруу уюштурганга чейин атып өлтүргөнгө жетишкен. Окуядан үч адам көз жумуп, дагы 20 киши жаракат алды.

Кол салуу үчүн эч бир согушкер топ жоопкерчилик ала элек. Мурда бул сыяктуу чабуулдарды “Ислам мамлекети” террордук уюму жасап келген.

БУУнун Ливияны колдоо миссиясы кол салууну айыптап, террордук уюмдардын өлкөдө баш калкалап, өзүнүн кылмыштары үчүн майдан кылуусуна жол бербөө зарылдыгын эскертти.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылган. Ошондон бери саясий жана куралдуу топтордун ортосунда араздашуулар толук токтобой келе жатат.

XS
SM
MD
LG