Рим Папасы Франциск Рождество майрамына карата кайрылуусунда дүйнөнүн согуш болуп жаткан аймактарында тынчтык орнотууга чакырды.
Ал Ватиканда чогулган он миңдеген адамдын алдында сүйлөп жатып түрдүү улут, дин жана расадагы адамдардын ортосунда бир туугандык, боордоштук мамилелердин бекемделишине үндөдү:
- Менин рождестволук каалоом – боордоштукту бекемдөө. Бардык улут жана маданият өкүлдөрүнүн, ар башка идеядагы, бирок бирин бири сыйлап, уга билген адамдардын, түрдүү диний көз караштагылардын ортосундагы боордоштук.
Өз сөзүндө Рим Папасы Сирия, Йемен, Африка, Корей жарым аралы, Украина, Венесуэла жана Никарагуадагы соңку кырдаалга көңүл буруп, Израил жана Палестина ортосундагы мамиле боюнча да тынчсыздануусун билдирди. (RK)