Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Трамп: Мексика боюнча сунуш өтмөйүнчө өкмөт толук иштебейт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ өкмөтү Конгресстеги демократтар Мексика менен чек арага дубал курууну каржылоо маселесин чечип бермейинче толук ишке киришпейт. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

- Өкмөт качан толук иштей баштаарын айта албайм. Дубал же тосмо тургузулмайынча андай болбойт деп так айта алам. Ал тосмо биздин өлкөгө агылып кирип жаткан адамдардан, баңги заттарынан коргонуу. Адам сатуу деген да көйгөй чыгып жатканын билесиздер, - деди Трамп.

Президент Трамптын мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча сунуштарынын бири - Мексика менен чек арада дубал курулушун каржылоо боюнча мыйзам долбоору азыр Сенаттын кароосунда жатат.

Президент бул долбоорго 5,7 млрд доллар сураган. Өкүлдөр палатасы аны колдоп берген, бирок сенаттагы демократтар каршы болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG