Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

БШКнын өлкөдөн чыгып кеткен мүчөсү почта аркылуу добуш берүүдө


12-октябрь, 2017-жыл.
12-октябрь, 2017-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өлкөдөн чыгып кеткен мүчөсү Адилет Сатыгулов БШКда талкууланган маселелер боюнча жазуу түрүндө добуш берип жатат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, жыйынга катышпаган комиссия мүчөсү боюнча чечим чыгаруунун жол-жобосу жок.

- "Эс алып келейин" деген, балким бир ай болоор. Мындай кырдаал Кыргызстанда болгон эмес да. "Мынча жүрсө болот же мынчадан ашык жүрө албайт" деген норма жок. Ал материал менен таанышып, жазуу жүзүндө жооп берсе болот. Техниканын жетишкендиги - электрондук түрдө бизге жазып жөнөтүп жатат.

Бекматовдун белгилешинче, Сатыгуловдун качан келери белгисиз.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КСДПнын штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы быйыл 11-ноябрда президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу документтер социалдык тармактарга жарыяланаардан төрт күн мурда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 18-ноябрда эсепчинин баласы, БШК мүчөсү Адилет Сатыгулов да өлкөдөн сыртка кеткени маалым болгон.

КСДП Надира Сатыгул кызы коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Бирок анын качан жана кайсы мамлекетке кеткени тууралуу маалымат берген эмес.

"Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин укук коргоочу Нурбек Токтакунов ноябрдын башында "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган. Анда Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткени айтылган. Президенттин аппараты муну "фейк" маалымат деп мүнөздөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG